Бул тууралуу  теле алып баруучу  Ассоль Молдокматова өзүнүн баракчасына жазып чыкты:

“Кыргызстандык ишкер Исер  Туншанло 145 тонна картошка, пияз, капустаны  Бишкектеги, Орловкадагы,  Токмоктогу жана Ысык-Көл областындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып чыкты”-дейт  Ассол. Мындан сырткары ишкер менен маек да курган:

— Исер Хияевич!  Сиздин ушундай оор кырдаалда жардам бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай чоң жардам берүү тилеги кайдан келди?

-Мен жөнөкөй эле үй-бүлөдө чоңойгом. Атамдын 12 баласы бар, мен бешинчисимин. Бир эки күндө апамдын эстелигин тургузабыз. Учурда даярдык көрүп жатабыз. Мен көп иштөө эмне экенин эң жакшы билем. Жер иштери менен абдан абдан көп убакыт алектендим.  Көпчүлүк адамдар абдан кыйналып жатканын билчүмүн жана көрүп жатам. Бир гана Рамазан айында эмес, жылдын башка убактарында деле элге жардам бериш керек.

–Мындайды ишкерлер менен саясатчылардын түшүнбөй жатканы абдан өкүнүчтүү…

-Шайлоонун алдында саясатчыларга дайыма “Эл үчүн эч нерсе кыла албаган соң эмнеге мынча көп убада бересиңер?”-деп суроо берем.  Көп адамга жардам берип, өзү да көп иш жасап, көпчүлүккө үлгү болгон бир гана  Юнус Дунларов эсимде калыптыр. Жолдору карагылачы, баардыгы бузулган. Жүрүү абдан кыйын.  Чынын айтсам көп адамга жардам бергим келет бирок, не бай адам эмесмин. Ошол эле учурда кедей дагы эмесмин. Бирок жардам берүү тилеги менде дайыма жашайт

-Мындай учурда  Кыргызстандыктарга кыйналган үй-бүлөлөргө жардам бергениңизди эч ким унутпайт….

-Ишенип коюңуз, мен муну кимдир бирөөнү көрсүн деп жасаган жокмун. Болгону  Өзгөчө кырдаал учурунда элдин кыйналганын көрүп кантип жардам бербей  коёсуң. Эгерде саясатчылар элдин байлыгын тонобой, баардык прогресстерге кызыктар болушканда жашоо бат эле оңолмок.  Менин кампамда эмне болсо баарын бердим. Бирок эч качан жардам бергениме өкүнбөйм.

Булак: Кабар