Монголияда сутка ичинде 19 адамдан коронавирус аныкталып, ооругандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу чет элдик булактар жазды.

Белгилүү болгондой, оору аныкталган 19 адамдын 18и Россиянын аскер окуу жайларынын курсанттары. Алар пандемиядан улам, мекенине алынып келинген. Ал эми башка бир жаран да чет элден келгени маалым болгон.

Эске салсак кечээ, 13-майда Монголияга Россиядан 347 курсант мекенине кайтып келген. Муну менен Монголияда жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 61ге жеттип, алардын ичинен 15 адам сакайып чыккан. Вирустан көз жумгандар катталган эмес.