Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук соту Жазык кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз, ири өлчөмдө даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же берип жиберүү, сатып өткөрүү) менен айыпталган Тимурдун (аты өзгөртүлдү, Б.А.А.) жазык ишин карап, чечим кабыл алды. Өкүм 2020-жылы 28-апрелде чыкты.

Тимур 1989-жылы Токтогул районунда туулган. Билими жогорку, бойдок, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу Тимур 2020-жылы 29-февралда эртең менен өзү чегүү үчүн даярдап, сактап жүргөн гашишти (салмагы 85 грамм) Токтогул—Бишкек каттамында жеке унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштеген айдоочу — 1983-жылы туулган Максатка (аты өзгөртүлдү, М.К.Т.) берип: «Бул буюмду Бишкекке ала кетиңизчи. Ал жактан бирөө тосуп алат» деп суранган. Аталган айдоочу макул болуп, целлофанга салынып, скотч менен оролгон буюмду баңгизат экенин билбей алып, «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаасына салдырган. Ал эми Тимур ал гашишти Бишкектен тосуп алуу үчүн башка таксиге отурган.

Сот отурумунда Тимур күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2019-жылдын күз айларында Токтогул районунун Терек-Суу айылына караштуу Барчын участогунан куурап калган жапайы кара куурайларды терип, жалбырагын идишке ушалаган. Аны суу менен буулап, өзү чегүү үчүн гашиш даярдаган. 2020-жылдын 29-февралында саат 09:00 чамасында аны баштыкка салып, скотч менен ороп, таанышы Максатка барган. Андан: «Бул буюмду Бишкекке ала кетиңизчи. Ал жактан бирөө тосуп алат» деп суранган. Айдоочу макул болуп, унаанын ичинде турган көк баштыктын ичине салып кой деп айткан. Тимур анын айтканын жасап, Максатка эмгек акысы катары 200 сом карматкан. Андан кийин үйүнө барып, саат 10:00 чамасында Терек-Суу айылынан Токтогул шаарына такси менен жеткен. Ал жерден башка таксиге отуруп, Бишкек шаарына кеткен.

Айыпталуучунун сөзүнө караганда, ал Максаттын унаасы Токтогул районунан өткөндө, Бишкек—Ош унаа жолунан милиция кызматкерлерине кармалып калганын Бишкек шаарына барганда уккан. Тимур бүгүнкү күндө кылган ишине катуу өкүнүп жатканын, экинчи мындай ишке барбай турганын билдирип, соттон ага карата жеңил жаза берүүнү суранды.

Максаттын айтымында, 2020-жылы 29-февралда саат 10:30 чамасында өзүнүн үйүндө «Хонда Степ» үлгүсүндөгү автоунаасын оңдоп жатканда айылдашы Тимур барып: «Бул буюмду Бишкекке ала кетиңизчи. Ал жактан бирөө тосуп алат» деп суранган. Колу кир болгондуктан Тимурга ал буюмду унаанын ичинде турган көк пакетке салып кой деп айткан. Андан кийин Тимур ага 200 сом карматкан. Максат белгилегендей, целлофанга салынып, скотч менен оролгон буюм эмне буюм экенин сураган эмес.

Андан кийин ал унаасы менен Токтогул шаарын көздөй чыккан. Токтогул—Терек-Суу унаа жолунан Бишкек—Ош жолуна буруларда милиция кызматкерлери токтоткон. Алар өздөрүн тааныштырып: «Эгерде сиздин жаныңызда мыйзамсыз буюмдар жана заттар болсо, өз ыктыярыңыз менен алып чыгып, тапшырып бериңиз» деп айтышкан. Максат аларга: «Менин автоунаамда мыйзамсыз заттар жана буюмдар жок» деп жооп берген. Ошондо милиция кызматкерлери өзүнө тинтүү жүргүзүшүп, андан кийин автоунаага тинтүү жүргүзүшкөн. Ошол маалда автоунаанын арткы отургучунун бут койгуч жеринен балык салынган көк түстөгү пакеттин ичинен ширеңкенин кутучасынын формасында жасалган өзгөчө жыты бар затты таап чыгышкан. Ошол жерден милиция кызматкерлери тарабынан тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп, ал автоунаасы менен чогуу Токтогул РИИБге жеткирилген. Андан кийин ал жерден дагы кошумча кароо жүргүзүлүп, автоунаанын арткы отургучунун алдынан көк түстөгү пакеттин ичинен ширеңкенин кутучасынын формасында жасалган 51 даана зат табылган. Табылган заттардын баарынын кескин жыты болгон. Ошондой эле баңгизатка окшош болгон. Алар целлофандарга салынып, сыртынан скотч менен оролгон.

Максат тергөөнүн жүрүшүндө 51 даана кутунун 10 даанасын «Бишкекке ала кет» деп айылдашы Тимур бергенин көрсөткөн. Анын билдиргенине караганда, Тимурдан тышкары Бектур (аты өзгөртүлдү, Б.Т.А.) аттуу тургун балык салынган пакетти ала кет деп берген. 41 даана зат ошол пакеттен чыккан.

Тергөөдө күбө катары суралган А.Ч.К.нын (милиция кызматкери) айтымында, 2020-жылдын 29-февралында саат 14:00 чамасында ири өлчөмдөгү баңгизат Токтогул районунун Терек-Суу айылынан Бишкек шаарына алынып кетип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал маалымат боюнча тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында милиция кызматкерлери Токтогул шаарына бара жаткан «Хонда Степ» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочусуна өздөрүн тааныштырышкан. Андан кийин тинтүү жүргүзүп, автоунаанын арткы отургучунун бут койгуч жериндеги балык салынган пакеттин ичинен түсү жок целлофанга оролгон зат табылган. Анын өзгөчө кескин жыты болгон. Ошондой эле наркотикалык затка окшош болгон. Бул иштер видеого тартылып алынган. Мындан тышкары ал жерден тийиштүү документтер толтурулуп, айдоочуну Токтогул РИИБге алып барышкан. Милиция кызматкерлери айдоочудан «бул баңгизат кимдики?» деп сураган учурда, ал: «Бектур аттуу тургундуку» деп айткан. Ал адамдын жашаган жери аныкталып, аны да Токтогул РИИБге алып барышкан.

Бектур андан башка 10 даанадан ашык зат бар экенин айткан. Ал бул заттар Токтогул районунун Терек-Суу айылына караштуу Барчын участогунан жасалганын билдирген. Андан кийин милиция кызматкерлери Максаттын унаасына кошумча кароо жүргүзүшкөндө автоунаанын арткы отургучунун алдынан ширеңкенин кутучасынын формасында жасалган 51 даана зат табылган. Алардын өзгөчө кескин жыты болгон.

Ыкчам тергөө аракеттердин негизинде алынган 51 даана баңгизаттын 10 даанасы Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургуну Тимурга таандык экени аныкталган. Тергөө органдары тарабынан Тимурга карата өзүнчө, Бектурга карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Максаттан алынган заттын салмагы 85 грамм болгон. Ошондой эле ал гашиш экени аныкталган.

Жыйынтыгында Тимур Жазык кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 000 сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылуу менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Сот Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде Тимурга карата 1 жылга пробациялык көзөмөл белгиледи.

Өкүмгө нааразы тарап 30 сутканын ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга жана сунуш келтирүүгө укуктуу.

Булак: Турмуш.кг