9-май күнү Талас районунун Кара-Ой айылындагы Тегерек-Саз жайлоосундагы малчылардын тайына ак илбирс кол салды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Кара-Ой айылынын тургуну Кубан Сагынбаев билдирди.

«Акыркы жумада бул аймакта 3 тай, 4 кой желип, дагы 4 кой дайынсыз жок болуп жатат. Биз карышкыр деп ойлогонбуз, көрсө ак илбирс экен. Биздин балдар 9-май күнү 2 жылкыга кол салганында илбирс экенин көрүшүптүр. Жылкылар тирүү калыптыр. Илбирстин жанында ээрчиткен кичине баласы бар экен. Күбөлөрдүн, малчылардын баары менен тиешелүү жакка кайрылабыз деп турабыз», — деди ал.

Булак: Турмуш басылмасы