Орусиянын президенти Владимир Путин 13-майда авиация тармагын жана аба аркылуу жүк ташууну колдоо максатында видео конференция өткөрдү. Анын айтымында, пандемиядан улам, ички каттамдардагы кыймылдын көлөмү бир нече эсе, 88% га кыскарган.

Эл аралык аба каттамдары дээрлик токтоп, 90% га кыскарган. Россиянын аэропортторундагы жүргүнчүлөрдүн саны минимумга чейин төмөндөгөн. ВВС маалыматы боюнча, 13-майда «Победа» аба жолдору 1-июндан тартып Россиянын 73 каттамында билеттер сатыла тургандыгын жарыялаган. «Azur Air» компаниясы да 1-июндан тарта Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казань жана Уфадан Сочи шаарына каттамдарды баштай тургандыгын жарыялаган.

Россияда эл аралык каттамдар 26-марттан тарта токтотулган (экспорттук учууларды кошпогондо), ички каттамдар апрель айынын башынан тартып региондордогу чектөө иш-чараларынын алкагында кыскарган.