Депутат Жанар Акаев 2021-жылы Эгемендүүлүк күнүн Баткен шаарында белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жыл сайын Баткен облусунда бир топ көйгөйлөр токтобой келе жатат. 31-августта жыл сайын Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. Бул күн Бишкек шаарында гана белгиленет. Өкмөт системдүү иш алып барып, эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин Баткен шаарында белгилешибиз керек», — деди эл өкүлү.

Депутат кошумчалагандай кийинки жылы Ысык-Көл, Нарын же Таласта өткөрүүнү сунуштады.

«31-августту ар кайсы шаарларда өткөрүүнү өкмөт азыртадан баштап пландашы зарыл. Баткен шаарынан баштасак ички туризм өнүкмөк. Баткенге маани берилмек. Арменияда жыл сайын Эгемендүүлүк күнүн ар кайсы шаарларда өткөрүшөт. Ушул маселени колго алуу керек», — дейт депутат.