Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктурган учурлардын саны 1082ге жетти. Алардын ичинен 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту 552 аял, 515 эркек киши жуктурган.

«COVID-19 илдетин 15 жашка чейинки 147 бала, анын ичинен 1 жашка чейинки 12 ымыркай, 16 жаштан 19 жашка чейин 28 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 341 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 358 жаран, 55 жаштан жогору 193 жаран жуктурган», — дейт ал.

Белгилей кетсек, маалымат жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басарына Нарында дагы 15 жаңы учур катталгандыгы тууралуу кабарлашты. Азырынча алар тууралуу толук маалымат жок.

Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1082ни түзөт. Алардын ичинен 247си медицина кызматкерлери. 735 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.