Коронавирус күчөп жатса депутаттар бул ооруну кабарына албай кур кыйкырык, элдин ачуусун тийе турган билдирүүлөрү менен алек, айтылуу депутат Камчыбек Жолдошбаев “Депутаттар жакшы иштешти, коронавирус азайып баштады” деп парламенттин бийик трибунасында бүгүн, 14-майда билдирди.

“Коронавирус азая баштады, депутаттар жакшы иштешти. Депуттар өздөрүнүн округдарына барышты, жанына ишкерлерди алып, элге жардам беришти. Коронавирус менен контрабанда бир тууган экен: бирөө өпкөдөн, экинчиси жалпы жонунан кармайт экен. Медиктердин айтканын жасаш керек. Тоолуу райондорго кирген жерлерде электер энергиясынын баасын кемитүү керек. Суусамыр, Алай, Кемин, Нарын, Ат-Башыларда кышында 30-40 градус суук болот, ошондуктан бааны арзандатуу зарыл. Чет элге эмес, Ысык-Көлгө эс алышыбыз зарыл”, -деди Жолдошбаев.