Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова сөз сүйлөп жатып, өкмөткө сунушун айтты.

«Баткендин чек арасын Кыргызстандын чек арасы катары эмес, ЕАЭБдин чек арасы деп сезишибиз керек. Баткенде жашаган элдер гана ал жерди кооруп турат. Ал аймакты стратегиялык аймак катары карап, чоң программа кабыл алышыбыз керек. Калктын коопсуздугун камсыз кылып берели. Болбосо аталган аймакта калк калбай калат», — деди Орозова.