Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев 14-майда парламент жыйынында ишкерлерден келип түшкөн катты окуп берди. Анда ишкерлер азыркы өзгөчө кырдаал шартында өкмөттүн кылган иши ишеним жаратпаганын белгилешип, өкмөт өзүнө жоопкерчилик ала албай жатат деп айыпташкан.

“Өкмөттүн аракетинде конкреттүү кадамдар жок. Көбүнчө сөз жүзүндө калып жатат. Учурда сырткы донорлордон, ишкерлерден канча жардам алганыбызды эч ким түшүнгөн жок. Өкмөт азыр аппарат кызматкерлерин кыскартууга киришти. Бул ишке да ойлонуп, анан киришүү керек”, деп жазылган катта.

Маалым болгондой, Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында ишкерлерди колдоо үчүн анткризистик программанын пландарын сунуш кылган. 1-планга ылайык, ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд. сом бөлүнгөнүн, 2-планда 41 млрд. сом каралып жатканы кабарланган. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражаттар ишкерлерге төмөндөтүлгөн үстөк пайыз менен насыя катары берилээрин билдирген.