Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева бүгүн, 14-майда парламентте, дарыгерлерге бөлүнгөн коргонуучу кийимдер жана респираторлор сатылып жатканын, коргонуучу каражаттарды айрым ооруканаларда медицина кызматкерлери өздөрү сатып алып жатышканын айтты.

«Медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттарды бөлүштүрүүчү комиссияда мен да мүчөмүн. Бизге өкмөт медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттар үч айга чейин жетиштүү деп маалымат беришкен. Андай болсо эмне үчүн айрым ооруканаларда медицина кызматкерлери коргонуучу кийимдерди, респираторлорду өздөрү сатып алып жатышат? Ошол эле учурда интернетте коргонуучу кийимдер менен респираторлор сатылып жатат. Гуманитардык жардам катары келген бул каражаттар кандай жол менен сатыкка чыгып кетип жатат?» — деп суроо салды Аида Касымалиева.