Атамбаев балдары жана жубайы менен жолугууну суроодо Учурда СИЗО-1 абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугушууну суранып жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

“Мен жактап жаткан адамдын абалы дагы деле кооптонууну жаратат. Кан басымы өтө жогору, бирок соттук отурумдарга катышууга макул болуп жатат”, — дейт жактоочу. Ошондой эле ал Атамбаевдин өтүнүчү сотко берилген, бирок азырынча ал карала элек деп кошумчалады.