Ош облусунда бүгүнкү күнгө карата 49 өнөр жай ишканасы ишин жандантты. Калгандары убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, 57 өнөр жай ишканасынын учурда 8 и гана иштебей турат. Калганы карантиндик талаптарга ылайык иштеп жатышат.

“Карантин учурунда ишканалар ишин улантып жатат. Импорт жана экспорт токтогон жок. Ошто дыйканчылык эрте бышат. Бул жылы дыйкандар продукцияларын бир топ жогору сатууга мүмкүнчүлүк болду»,-деди.