Пандемия дүйнө жүзүндө элдин үшүн алып турат. Бардык жерде оору менен күрөшүүнүн жолдорун издеп, элин ушул илдеттен аман-эсен алып чыгып кетүүнү максат кылышууда. Башкалар сыяктуу эле биздин өкмөт дагы болгон аракети менен ооруга каршы туруунун чараларын көрүп жатат. Кудайга шүгүр, убагында карантиндик чаралар киргизилип, оорунун массалык жугуусун ооздуктай алды десек болот.

Эгер карантин болбогондо, бүгүнкү Тажикстан менен Белоруссиянын кейпин кийип калуубуз ыктымал болчу. Айрым мыйзам сыйлабастардын аракети менен оору жугуу учурлары кайрадан көбөйүп кеткендиги байкалууда. Белгилеп коюу зарыл, бул мигранттарды козутуп, чек арага келүүгө түртмөктөп жатып, канча деген жарандарыбыз кыйынчылыкка туш болушту. Биздин тышкы иштер министрлигинин аракети менен жарандарыбыздын бир тобу Кыргызстанга келишти.

Тилекке каршы, алардын арасынан оору жугузуп алган учурлар катталып жатат. Эгер бузукулардын сөзүнө ишенбей, алар тынч отурушканда, оору жугуу коркунучу аз болот эле. Топтошпой, сак болгула деген сайын, элди чогулууга үндөгөн бузукуларга айла жок экен. Эми болсо, элди митингге үндөп АШАчылар бузуку оюунун баштап жатышат.

Булардын көздөгөнү өлкөдө кайрадан баш-аламандык жаратуу менен арам ойлорун ишке ашыруу болуп турат. Азыркы тапта Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев менен анын активдүү жактоочусу Темирлан Султанбеков митинг уюштуруу аракетин жүргүзүп, болгон ресурстарын ошол жакка жумшап жатышат. Болжолу аларга жакшы каражат келген сыяктуу.

Кайдан келиши мүмкүн?! Жакшылап абай салсак, митинг уюштуруп, өлкөдө баш-аламандык жаратуу үчүн чоң каражат түстүү революциянын уюштуруучулары тараптан келген сыяктанат. Алар мына ошол каражатка митинг уюштуп, балким жаш баштарында өлкөдө революция кылып жиберүү дагы ниеттери кайнап жаткандай. Башкача ойлоо да мүмкүн эмес.

Анткени, Атамбаевдин бардык троллдору бардык соцсеттерде ар кандай жолдор менен элди митингге чыгууга үндөп жатат. Ушундай пандемия жүрүп турган учурда элди ойлогон, акыл-эси ордунда болгон адам тескерисинче «жинди болдуңарбы, азыр карантиндик эрежелерди сактоо керек» деп элге айтып, сабырдуу болууга үндөмөк.

Азыр элге кыйын болуп турат. Мамлекетке, өкмөткө оордук келип турат, ошентсе дагы пандемия менен күрөшүүнү өкмөт жакшы нукка сала алды. АКШ, Кытай сыяктуу үлкөн мамлекеттерди чөгөлөткөн илдетке каршы туруу кандай күчтү талап кылып жаткандыгын бардык мамлекеттер жон тери менен сезип жатат.

Ошону көрүп туруп, АШАчылап кичине башты иштетип, элди ойлошпойбу. Митингге чыгарып алып, элдин убалына калуудан коркушпайбы?! Айтмакчы, убалдан корксо, булар Дача-суга учак кулаганда эле коркмок. Карыш турган жерге бетин тылтыйтып, Атамбаев түгүл, азыркы тызылдап чуркап жүргөн жаш, мээлүү балдарынын бири дагы басып барган эмес.

Убалдан корксо, эми деле элге берген бир порций пловдон Дача-сулуктарга таратып коймок эле. Корогон кайран сөз. Кой-Таш элин бетке кармап, аткандан да кайра тартпаган Атамбаевден эмнени үмтөтөбүз десең?!

Кыскасы, эл башына келген абалдан пайдаланып, саясий кызыкчылыгын ишке ашырууну каалагандар үчүн элдин саламаттыгы бир тыйынга татыбайт окшойт. Президенттин сүрөтүн мазактап, соцжелелерге тараткан АШАчыл троллдор үчүн дагы элдин саламаттыгы оюнчук сыяктуу болуп турат.

АША жана анын балдары уялбаса дагы, ошол жүзүн жапкан, фейк троллдору уялып, кичине чыдай турушса болмок. Митингге чыккан элдин маселеси чечилсе, АШАны бийликке алып келген элдин маселеси ал президент болуп отурганда чечилмек.

Элди пайдаланып, бийликке умтулууну өмүр боюу өздөштүргөн Атамбаевдин жолун балдары улап жатканы өкүнүчтүү. Түстүү революция деле өзүнүн жемишин кандай бергендигин караламан калк жакшы түшүнүп калган.

Эми алданбайт. Жеңилген күрөшкө тойбойт дегендей, тымызын чайкоочулук жасап, эки тизгин бир чылбырды кармап жүргүсү келген Атамбаевдин оюу белгилүү да. Ал тизгинди карматкысы келбей, ичи тарлык кылып жатып, жаркыраган бир адамдын өмүрүн алды.

Мыйзамдуу бийликти өткөрүп бердим деп элге бирди сүйлөп, кайра мыйзамга баш ийбей элди бөлүп-жарып арам ойун ачыкка чыгарып, атышканга чейин барды.

Бул элге керек эмес болчу. Азыр дагы элге чайпап, бөлүп жаруунун кереги жок. Эл түшүнүп калды. Саясат саясаты менен.