Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери  жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, даарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

2020-жылдын 13-май күнү өлкө боюнча   21 085 м2 имараттын ичи, 261 160 м2 имараттын сырты, жалпы 282 245 м2 аймак жана 471 366 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 162 куткаруучу тартылган.

Маселен Чүй облусунунда 301 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 610 кг хлор  колдонулду;

 Нарын облусунда  2350 м2 имараттын ичи, 9408 имараттын сырты жана 23 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 138 кг  хлор колдонулду;

 Талас облусунда 16 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 52 кг  хлор колдонулду;

 Ысык-Көл облусунда  4982 м2 имараттын ичи, 161 140 м2 имараттын сырты жана 34 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 197 кг хлор, 11 даана хлор таблеткасы колдонулду;

 Ош облусунда 7400 м2 имараттын ичи, 14 900 м2 имараттын сырты жана 29 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 167 кг хлор колдонулду;

 Баткен облусунда  1783 м2 имараттын ичи, 8582 м2 имараттын сырты жана 14 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 56 литр суюк хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

 Ош шаарында 4570 м2 имараттын ичи, 12 600 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 80 литр суюк хлор колдонулду;

 Бишкек шаарында  54 530 м2 имараттын сырты жана 52 666 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 247,5  хлор колдонулду;