Ар бир 7–10 жылда бир дүйнө жүзү жапырт кризиске кабылып келатканына эксперттер баам салып келишет. Бул кудум эле компьютердин «перезагрузкасы» өңдүү болуп жаткандай. Ар 7-10 жылда дүйнө өлкөлөрү бир силкинип, түзүлгөн кырдаалга ылайыкташып, андан ары жолун улап жатышат.

Белгилүү бир убакыттарда болуп туруучу каатчылыктын бул жолкусу катуу сезилерик болгондугунан улам, Кыргызстан жана анын коңшуларындагы абал калкып, көрүнөө чыгып калды.

Бул ирет жаңы вирус атыккан – КОВИД-19 же таажы вирусу коңшу Кытайдан чыкканы менен жер шарын айланып, анан коңшуларына келгени бир жагынан таңгалычтуу болсо, бир жагынан Кудайга шүгүр дегидей эле болду. Бул жагынан алганда Казакстан окумуштуулары таажывирустун жайылуу геометриясын дүйнөлүк практикаларга ылайык эсептеп, өлкөсүнүн аймагына келе турганын так аныктай алышты. Бул жагынан үлгү болорлук иш кылышты.

Башка коңшу мамлекеттерге караганда абалыбыз бир топ жеңил. Элибиз анчалык жабыркаган жок. Кыргызстанда бийлик коронавирус аныкталган биринчи адамдар катталгандан тарта эле өзгөчө кырдаал, анан өзгөчө абал режимдерин жарыялап, карантин чараларын киргизип жиберди.

Алгач мурда мындай режимдер тээ 90-жылдары эле болгонун эске албаганда, азыркы кыргыз коомчулугу ашыкча чектөө чаралары көрүлүп жатат таризинде бир топ сындарды айтып чыгышты.

Бирок, ачыгын айтканда, өлкө жетекчилиги дүйнөлүк тажрыйбалардан улам буга чейин вакцинасы жок белгисиз вирус менен күрөшүүнүн эң башкы чарасы обочолонуу экенин эрте кабылдап, өз маалында, туура чечим кабыл алгандыгы менен коңшулардан айырмалана алды.

Илдет күчөп жаткан Кытай жакты катуу бууп, ал жактан бир да оорулуунун киргени катталган жок. Ошол кездеги коомчулуктагы айрым топтордун каршылыгына карабай, Мамлекет башчысынын өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал тууралуу жарлыктарга кол койгону бул илдеттин республика аймагына жапырт жайылып, оор акыбалга туш болушун алдын алган бирден бир туура чечим болуп калганы талашсыз.

Ага жараша айрым бир тиешелүү министрликтердин шалаакылыгын эске албаганда, Өкмөт дагы ыкчам штаб уюштуруп, өзгөчө абал жарыяланган шаарлар менен райондорго карантин чараларын катуулатып киргизип, зарылдыгына жараша медицина кызматкерлери менен күч органдарын мобилизациялай алгандыгын белгилей кетүүгө арзыйт.

Мында коргоочу кийим-кечелер жагынан кемчиликтер болгонун жашыра албайбыз. Антейин десең, мындагы кетирилген катачылыктар, өнүккөн, бардык жагынан камсыздоого кубаты жете турган Кытай, АКШ, Россия, Италия, Испания сыяктуу өлкөлөрдө деле болгонуна жалпы дүйнө эли күбө болду.

Анткени, белгисиз вирустун белгисиз сырлары – анын жугуу ылдамдыгы, симптомдуу жана симптомсуз өтүшү деген сыяктуу ачыла элек сырлары, Борбор Азия эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө алгачкы күндөрү таптакыр белгисиз эле. Ошондой болгон күндө да Кыргызстанда бийлик бир катар өнөктөштөрү менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү коргоочу каражаттар, тиешелүү медициналык аппараттар менен камсыздоого жетише алды.

Бул илдет менен күрөшүүдө калың эл массасынын канчалык ыңгайсыздык болгонуна карабастан карантин чараларына көнүп, анын талаптарын так сактаганы абдан чоң салым болду. Анча-мынча эреже бузуулар эле болбосо, жалпы кыргызстандыктар вирустун канчалык коркунучтуу болгонун аңдап-түшүнгөнү элибиздин сабаттуулугунан кабар берет.

Ошону менен катар кыргыз элине сабырдуулук байыртадан бери мүнөздүү экени дагы бир жолу тастыкталып отурат. Дал ушундай убакта аткаруу бийлиги жумуштарынын баары токтоп үйдө отуруп калган жарандарга, күнүмдүк оокат менен жан баккан мекендештерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө – дээрик бардык муктаждарга гумжардамдарды мамлекеттин, берешен адамдардын, кайрымдуулук умюдарынын эсебинен уюштуруп берүүнү өз маалында колго алышты.

Мындай дүйнөнү каптаган апаат маалында аны менен күрөшүүдө алдыңкы сапта турган медицина кызматкерлерине дагы миң мертебе алкыштарды айтуудан тажабашыбыз керек. Дал ушул алтын колдуу адистерибиздин күн-түн дебей, үй бетин көрбөй, тыным албай иштеп бергенин ар дайым белгилеп, мамлекет тарабынан татыктуу бааланаарын ишенебиз.

Ошону менен катар карантин маалында өзгөчө коюлган тартипти сактаган күч органдарынын кызматкерлеринин эмгеги да зор.

Мунун баары коронавирустун жайылуу темпи жогорку чектен өтүп, оору басаңдай баштаганда жакшы саамалык катары тизмектелип отурат.

Ошентсе да бул өзгөчө коркунучтуу вирус экенин, анын тез жугуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен карантин чараларын жугузуп алган акыркы жаран айыгып чыкканга чейин сактоо милдети турат. Ошондо гана толук жеңишке жеттик деп айтууга болот.

Анткени, дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар көрсөткөндөй, бул вирустун 2чи, 3чү толкуну боло турган нерсе болуп калды көрүнөт. «Сактансаң сактаармын» дейт Жараткан. Андыктан, ар бирибиз өзүбүздүн, жакындарыбыздын, жалпы элибиздин саламаттыгы үчүн сактанып туралы. Илдетти жеңип чыгып, кайрадан жай турмушка өтүүбүзгө аз калды.