Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр «Президент болуп алсамбы» деген саясат тууралуу тамашасы чыны аралаш ырын коомчулукка жарыялады.

Президент болуп алсамбы ⠀

Эмнем кем элден, ойлонуп жатам акырын,
Күч десең күч бар, баарына жетет акылым.
Трамптан сулуу, Путинден жашмын кычырап,
Токаев менен Шавкаттан ылдам басыгым.

Чындыкты сүйөм, калп сүйлөп батпайм күнөөгө,
Табылар акча үйүмдү койсом күрөөгө.
Жетимиш пайыз алаарым ачык себеби,
Тогузу колдоп, жакпасым билем бирөөнө.

Мен болсом ажо баарыңдын жетем баркыңа,
Нөл пайыз кылып кредит берем калкыма.
Беш жылда эле өнүккөн өлкө аталып,
Кайрылып келет Үзөңгү- Кууш, Каркыра.

Нарынды, Ошту, Дубайдан артык шаар кылам,
Төө Ашуу бийик түбүнөн казып алдырам.
Баткенден Көлгө кыйналбай жеңил жеткенге,
Асфальттын баарын алтындан каптап салдырам.

Кумтөрдү толук алабыз артка кайырып,
Пенсия жүз миң карылар жашайт багылып.
Кичине четин кыйытып койдум оюмдун,
Шайлансам дагы угасың эчен жаңылык.

Кымбат так турса, ойлонуп эмне арзанды,
Бүт эле жүрөт кошулуп мен да барсамбы.
Аялым макул, а силер кандай дейсиңер,
Бош жатпай үйдө президент болуп алсамбы.