Нарын облусунун аймагында көмүр казуу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн программасына ылайык өндүрүш жана тейлөө тармактарынын ишмердүүлүгү этап-этабы менен акырындап ишке киргизилүүдө. Анын негизинде 1-майдан тарта Жумгал районунун Кара-Кече, Өрнөк, Миң-Куш көмүр кесимдеринде 16 өндүрүш ишканасы көмүр казуу иштерин баштады.

Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы 226 ишкердик субъекттери ишке кирди. Алардын ичинде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу, өнөр-жай, өндүрүш ишканалары, базарлар, курулуш товарларын, унаа тетиктерин саткан дүкөндөр, чач тарачтар, техника оңдоо, май алмаштыруу, желимдөө жайлары, унаа жуучу жайлар, такси кызматтары бар.

«Бул мекеме-ишканалардын бардыгында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталышы керек. Ар бир ишкананын жетекчисине кызматчылардын коопсуздугун сактоо чараларын камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

Ал эми калкты тейлөө борборлору, акча алмаштыруу пункттары жана күрөөканалар, эмерек чогултуу жана оңдоо ишканалары, коомдук мончолор, мал базарлар, мал союучу жайлар азырынча иштеген жок.

Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин бир катар чектөөлөр улантылат. Тактап айтканда, маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө; көңүл ачуучу жайлардын; соода оюн-зоок борборлорунда жайгашкан оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн; театрлардын, кинотеатрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, маданий-агартуучу жана башка жайлардын; коомдук тамактануу түйүндөрүнүн (буйрутма менен сыртка чыгарып-жеткирип берүү кызматын кошпогондо); спорттук ден соолукту чыңдоочу борборлордун, спорттук секциялардын, коомдук мончолордун, сауналардын, бассейндердин (сыйымдуулугуна карабай); интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишине тыюу салынат», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Турмуш басылмасы