Тажикстандын «Ахбор» сайты Душанбедеги көрүстөндөрдүн биринде коронавирустан каза болгондорду массалык түрдө жерге берип жатканы тартылган видео жарыялады. Видеодо автор полиэтилен менен капталган мүрзөлөрдү көрсөтүп, мындай мүрзөлөрдүн катары өтө узун экенин айтат. Маалыматка ылайык, алардын бардыгы коронавирустан көз жумган, бирок бийлик бул жөнүндө расмий билдирүү тараткан эмес.

Болжол менен ушундай 10 мүрзөнү көрсөткөн автор: «Полиэтилен менен жабылган мүрзөлөрдүн катары өтө узун. Алардын бардыгы коронавирустан көз жумган, бирок бийлик бул тууралуу маалымдаган жок», – деп билдирди.

Видео Тажикстандын борборундагы Сариосиё көрүстөнүндө тартылган.

«Ахбор» сайты Тажикстандагы коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун тизмеси https://kvtj.info/сайтында жарыялангандыгын жана анда төрт күндүн ичинде 200дөн ашуун адамдын каза болгондугун көрсөткөн.

https://www.youtube.com/watch?v=uuRT5ut0KYw&feature=emb_title

Булак: Элдик Медиа