Кайын сиңдим апасына ушактай берет мени…
Биз турмуш куруп түтүн булатып жашап жатканыбызга 4 жыл болду. Бирок анын жартысы эле ажырашуу, таарыныч азабын тартуу менен өттү. Анткени биз үйлөнгөндөн кийин шаарга келип жашадык. Анда кайын сиңдим 9- класста окучу. Окууну бүтүп бизге келип жашады, студент болду. Өзүбүз бир бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Үй бүлөлүү болгон соң бизди түшүнүп жатаканада деле жашаса болмок. Эмнегедир кайын энем силер менен жашайт деп туруп алды. Көрсө аны бизге агент кылып койгон экен. Биздин эмне кылганыбыз, басып туруп, жегенибизге чейин жеткирип турчу экен. Өзү бир үйдө жумуш жасабайт. Байкесин сыйлап, төшөгүн салып, идиш аягын жууп, анча мынча эч кимге айтпай акча берип турам, керегиңе жарат деп. Ошондо да жакпай койдум. Ар кандай ушак айтат апасына, ал баласына чалып кулагын бурайт ортодо уруш уккан мен. Эртерээк эрге тийсе экен деп тилейм. Тынч жашагым келет. Эмнеге ушундай ичи тардык кылат, жолдошума жардам болсун деп чогуу иштеп, келечек жөнүндө план курабыз. Ал баарын апасына айтып, болбойт бул кылганыңар деп бут тосуп турат. Кыргыздар ушинтип отурсак анан кантип өнүгөт элек, бир эле мисал мына менин азыркы абалым, колдоонун ордуна кордук көрүп отурам жеме угуп, баламды баштайсың деп. Мындай жашоо менде эле ушундайбы же баарынын эле башынан өтөбү?