Ырчы Сайкал Садыбакасова “Кыргызстан обондору” радиосуна маек берип жатып сүйүктүүсүн ооз эки сүрөттөп берген. Анда: “Бою меникинен бир аз эле узун, чач жасалгасы жагат, агрессивдүү эмес”-деп баяндаган. Ал эми биздин эсибизге дароо эле ырчы Эдил Маматов келди.

Эске сала кетсек Сайкал Садыбакасова турмушка чыгаардан мурда Эдил Маматовдун жубайы Мэри Шакулина: “Апасы атактуу эле бир ырчы кыздын айынан үй-бүлөм бузулуп, 4 балам атасыз калды” деп айтып чыккан.

Бирок, бул төгүндү Сайкал Садыбакасова четке кагып, тою болоорун маалымдап алып баруучу Максат Даврановго турмушка чыккан. Көп узабай эле түгөйлөр ажырашты деген кептер тарап, акыры жылдыздар расмий турдө ажырашканын жарыялашты. Эми мынтип Сайкал Садыбакасованын: “Жигитим Жалал-Абаддан болот” деп акырын кырын ачып айтып, эркелеп ырларды арнап ырдап баштаганына караганда чын эле олуттуу мамиледе окшойт деп ойлоп кетесиң.

Ошондо, чын эле Эдил Маматов менен Мэри Шакулинанын ажырашуусуна Сайкал Садыбакасова күнөөлүүбү? Сайкал менен Эдиль чогу жашап жатышат деген кептер да тар чөйрөдө чыгууда. 

Булак: Компромис.кг