Бишкектен дарыгерлер тобу Нарын облусуна жөнөп кетти

335

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген, алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.

Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат.