Өлкө боюнча жалгыз Талас облусунда коронавирус илдетти каттала элек. Бүгүнкү күндө облус аймагында алдын алуу иштерине дыкат көңүл бурулуп, карантиндин талаптары так сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда илдет катталбаганы менен өлкөдө бул оору менен күрөшүү жүрүп жаткандыктан, кооптонуу дагы жок эмес.

“Талас облусунда илдеттин катталбаганынын эң биринчи себеби, алгач ыкчам иштер уюштурулуп, облусту изоляцияга алдык, эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Экинчиден, жергиликтүү эл, аксакалдар, улуу-кичүү муун дебей, илдеттин олуттуу экенин түшүнүү менен кабыл алышып, бири-бирине каттоону токтотуп, адамдардын топтолушуна жол беришкен жок. Эл ичинен азамат жигиттер өздүрү аймактарга постторду уюштурушуп, элдин кыймылын болтурбоого жардам беришти. Өз учурунда медицина, милиция кызматкерлери жана илдетке каршы ишке тартылган бардык жарандар активдүү иш алып барышууда”, — деп билдирди КР Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев