Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичнен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер.

9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар, анда 1 млн 311 миңден ашуун бала билим алат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы