Коронавирустун жайылышы боюнча глобалдык кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн беш жылга жакын убакыт талап кылынат, — деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директорунун орун басары Сумия Сваминатан.

Бул тууралуу ВВС маалымат агенттиги жазып чыкты. «Мен айтаар элем, төрт-беш жылдан кийин биз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз» деди ал. Ал вирустун жок болуп кетишин ар кайсы өлкөлөрдө карантиндин канчалык катуу жана эрежелердин так сакталуусуна байланыштуу болоору менен түшүндүрдү. Свинаминатан кошумчалагандай, көпчүлүк үмүт вакцина менен байланыштуу, бирок көптөгөн коркунуч факторлору аны иштеп чыгуу, колдонуу, натыйжалуулугу жана коопсуздугу менен байланыштуу.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын жетекчиси Майк Райан вирус өз кезегинде бизде түбөлүккө кала тургандыгын мойнуна алды.

“ВИЧ жоголгон жок. Биз аны менен жашайбыз, дарылоонун жана алдын алуунун жолдорун таптык, адамдар мурдагыдай коркушпайт жана позитивде адамдардын көпчүлүгү узак жана ден-соолукта жашашат », — деди ал.