Бишкек шаарындагы ири базарлар жана соода түйүндөр дезинфекцияланууда. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Дордой”, “Аламүдүн”, “Мадина”, “Уста”, “Техномаркет”, “Аламүдүн Гранд”, “2Прораб” базарлары залалсыздандырылган.

Мындан сырткары, соода түйүндөрдө, сулуулук салондордо жана унаа оңдоочу жайларда санитардык иштер жүргүзүлгөн.

Булак: Медиацентр