Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын талаптарын туура аткаруу, ошону менен бирге жарандарга өздүк гигиенаны, тазалыкты сактоо максатында бир катар түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан сырткары, Нарын ШИИБи жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББдан келген кызматкерлер менен биргеликте Нарын шаарынын аймагындагы жарандардын коопсуздугу, жол эрежелерин бузбоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу багытында алгылыктуу иштерди алып барууда.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө профилактикалык каттоодо турган ата-энелер, жаш өспүрүмдөр жеринен текшерилип, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын алдындагы түзүлгөн тиешелүү комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте азык — түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө убактыларына чектөөлөрдү коюп, жана 11-майдан тарта ишке киришкен кээ бир мекеме иш-каналардын кызматкерлерине да жугуштуу илдеттин алдын алууда санитардык эрежелерди туура сактоого чакырышууда.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы