КР Куралдуу күчтөрүнүн “Ала-Тоо” окуу борборунун базасында аскердик-талаа госпиталы (АТГ) ачылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин (КИМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талаа госпиталы 76 койка-орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдыктар жана техникалар менен анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган.

“Бүгүнкү күндө госпиталда КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн буга чейин блокпосттордо кызмат өтөөгө тартылган өздүк курамы обсервацияга жаткырылып, бардыгынан COVID-19 инфекцияга карата ПЦР анализдер алынды. Алар 14 күн бою аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат, бардык керек болгон медициналык жардам жеринде көрсөтүлөт. АТГнын аймагында санитардык-эпидемиологиялык бардык нормалар сакталган, бардык аскер кызматчыларына медициналык маскалар жана коргонуу каражаттары берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, аскер кызматчыларынын тамактануусун камсыздоо үчүн талаа госпиталынын курамында чарбалык үлүш пунту (ПХД) жайгаштырылды, ал жерде күнүгө 3 маал ысык тамак даярдалат. Мындан тышкары, “Ала-Тоо” окуу борборунун аймагында мончо-жуунуну уюштуруу үчүн таалаа душу орнотулду.