Бул тууралуу депутат  Алмаз Акматов “Коом press” сайтына билдирди:

«Таксим бир туугандар кафеси менин инимдин кызына таэнесинен калган мурас болчу. Чынын айтайын менин ишим да жок аны менен. Шайлоонун алдында мени жаман атты кылгысы келип чыгарып жатышат.  Эми болсо ал ишкер эмне кылаарын билбей мени, инимди жаман атты кылып жатат. Түрк ишкери өзү мыйзамды сактабай, кафенин айланасын тосуп алганы үчүн  мэрия менен соттошуп жаткан. Окуяны буруш үчүн саясатка айландырып жатат. Сотко берем, ошол жактан сүйлөшөм» — деди ал.