Кытайда кош бойлуу айым көчөдө, элдин көзүнчө көз жарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 4-май күнү Чэнь аттуу кош бойлуу айым таанышы менен көчөгө сейилдегени чыккан.

Күтүлбөгөн жерден анын толгоосу башталып, көчөдө эл алдында көз жарган. Бул окуя видеокамерага түшүп, коомчулукка тарап кеткен. Видеодон көчөдө жүргөн адамдар аялды курчап, жерге түшкөн баланы чулгоого ороп койгонун көрүүгө болот.

«Ымыркайдын эриндери карамтыл болгонун көрүп коркуп кеттим. Дароо колума ала коюп, бир нече жолу чапкылап жибердим, ошондо гана кызара түшүп, бакырды. Балам ыйлагандан кийин анын абалына коркунуч жок экендигин түшүндүм», — деген Чэнь. Азыркы тапта эне-бала ооруканадан чыгарылып, абалдары жакшы экендиги маалымдалды.