Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылды. Бул туурасында Спорт, дене тарбия жана жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалым болгондой, чечим аталган оюнду, түрк элдеринин мурдатан келе жаткан руханий байлыгын даңазалоону татыктуу өткөрүү үчүн кабыл алынгандыгы айтылды. Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын 2020-жылдын күз айында Бурса шаарында өткөрүлмөк. Ал эми буга чейин мурдагы оюн Кыргызстанда, Ысык-Көл аймагында өтүп, эстафета Түркияга тапшырылган.