Кечээ, «Азаттыкта» болгон талкууда белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев адатынча кызыл тилин кайрап алып, сүйлөп жатты.

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарын люстрациялоо жөнүндө, анын партиясы парламентте жарандардын ашыкча, күмөндүү мүлктөрүнө декларациялоону көтөрүп чыгып, жарым-жартылай кабыл алганы тууралуу кеп кылып, бүгүнкү башкаруу системасы мындай кылышы керек, Жапыкеевдердин кырдаалын пайдаланып тигиндей калыш керек деген сыяктууларды айтып жатты.

Текебаевдин айткандарынын баары туурадай көрүнгөнү менен, ошол азыркы системаны ким алып келди эле деген суроону койгон киши жок. Конституциянын атасы атыккан Текебаев түзгөн Башмыйзам менен бүгүнкү система иштеп жатат да азыр.

«Карышкырга кой кайтарткандай» түзүлгөн бул системада кантип тазаланып, кантип люстрация кылынат?

Алгач бул люстрация боюнча мыйзам жазылат. Ал эми бардык мыйзам демилгелери барып ушул депутаттардан өтүшү керек. Ошондой тазалануу боюнча мыйзам бүгүнкү түзүлгөн системада, ушул парламентте өтөбү, бул дагы суроо.

Бул жагына келгенде, кызыл тили буулуп, сүйлөгөнгө сөз таба албай калат. Ошондо да ушундай алешемдиктер бар экен, бул жагы өзүнчө талкууга арзыйт дегендин ордуна, кооз чымчык болуп, тазалануу боюнча реформа, анан укук коргоо органдарын люстрация деп жаагын жанат. Анын түзүп берген Конституциясы менен тазалануу өтө оор болот.