Борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимовдун жубайы менен жолугушуусуна уруксат берилди. Бул тууралуу, адвокат Сергей Слесарев билдирди. » Сот бүгүн айыпталуучунун өтунүчүн канааттандырды. Албек Ибраимов бүгүн жубайы менен жолугушат. Өзгөчө кырдаал учурунда бардык жаза өтөп жаткан адамдарга туугандары менен жолугууга бөгөт коюлган болчу», — дейт жактоочу.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан, кытай гранты менен каржыланган Калыс-Ордо конушунда мектеп курулушунда мыйзам бузуу, Sunny Beach пансионатын жана ТНК Дастан заводунун атайын бөлүктөрүн сатуу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн муниципалдык жер участокторун берүү боюнча айыптар тагып, Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратылган.