1. Пайгамбарыбыз (С.А.В) ак түстөгү кийимдерди кийип жүргөндү жактыра турган. Алар көбүнчө узун көйнөктөр (камис) жана жол-жолунан кеткен йемендик чапандар (хибара) болор эле.

2. Колуна «Мухаммед – Алланын элчиси» -деген жазуу чегерилген күмүш билерик тагынып жүрчү.

3.  Өзүн өтө таза алып жүрчү, тулку боюна ар дайым жыпар чачып, тиштерин мисвак менен тазалаганды жактырчу.

4. Үнү бир аз кырылдап турчу. Өтө көркөм, кыска жана нуска сүйлөгөндү жактырчу. Адамдар эстерине түйүп калуусу үчүн ал кез-кезде бир айтканын үч мертебе кайталай турган.

5. Такай жылмайып жүрөөр эле, ал эми каткырып күлгөн кезде  тиштери бүтүндөй көрүнчү.

6. Мухаммед пайгамбар америкалык жазуучу жана окумуштуу Майкл Харт тарабынан түзүлгөн «100 улуу инсан» деген китепте адамзатынын тарыхындагы эң эле таасирдүү инсан деп табылган.

7. «Мухаммед» деген ысым Куранда болгону беш жолу гана кайталанат.  Салыштыра кетсек Иса (Иисус), Адам деген аттар 25 жолу,  Муса (Моисей) деген ысым – 136 жолу, Ибрагим (Авраам) – 69, Нух (Ной) деген ат 63 жолу эскерилген.

8. «Мухаммед тоого барбаса, анда Тоо Мухаммедге келет»-деген учкул сөз Пайгамбардын иш-аракетине эч кандай тиешеси жок. Алгач бул сөз англиялык окумуштуу жана философ Френсис Бэкон тарабынан колдонулган.

 9. Ислам дининин Пайгамбары өмүрү өткүчө расалык, этникалык жана уруулук дискриминацияларга (басынтуучулукка) каршы күрөшкөн.

10. Мухаммед – дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу ысым болуп саналат.