Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 42 595 учурду түзүү менен эпидемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүчтү түздү. Ал эми мындан каза болгондордун саны – 257 адам.

Мексикада  алгач  ирет коронавирус илдети менен байланышкан учур 28-февраль күнү  катталган.  Жалпы аныкталган 42 595 учурдун ичинен  10 057 адам активдүү учур болуп саналат (бир күндө + 697).

«COVID илдетинен улам келип чыккан адам өлүмү 4477 (сутка ичинде + 257) түзгөн, мындан сырткары каза болгон башка 420 адам дагы вирустан өлгөн деген шектенүүлөрдү жаратууда»-дейт Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиология башчысы Хосе Луис Аломиа.