U.S. President Donald Trump speaks during a news conference in the Rose Garden of the White House in Washington, U.S., March 29, 2020. REUTERS/Al Drago

АКШ президенти Дональд Трамп эгерде коронавирустун жайылышынын  себептерин изилдөөгө каршы чыкса Кытайга каршы санкция киргизүүгө камынууда.

Республикачыл сенатор Линдси Грэм тарабынан даярдалган мыйзам долбоор жөнүндөгү журналисттердин берген суроосуна Трамп сөзсүз аны карап чыгары тууралуу билдирген. Президенттин кол коюусуна кирүү үчүн документ алгач АКШ конгрессинин эки палатасы тарабынан өтүүсү  жана колдоо алуусу зарыл.

Линдси Грэм кечээ КЭРге санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киргизген. Документ боюнча кытай жарандары үчүн АКШга кирүүгө тыюу салынат, алардын америкалык активдери тоңдурулат, жана кытай бизнеси үчүн кредит берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, америкалык чалгындоо кызматы апрель айынын башында Ак үйгө  жашыруун документ киргизген. Аталган документте  коронавирус эпидемиясынын чыныгы себептерин жашырып жаткандыгы тууралуу маалымат камтылган менен Кытай аны бир беткей четке кагып келет.