Казакстандын Түркстан облусундагы нөшөрлүү жамгырдан улам үйлөрдү суу каптап жатканын Казакстан маалымат булактары жазып чыкты.

Жаан Түркстанда 13-майда, түш оой башталып, ошондон бери токтой элек. Казгидромет бул дагы эки күнгө созуларын эскерткен. Анын кесепетинен облустун аймактарында суу төрт үйгө кирип, 376 короону каптап, дагы төрт көпүрөнү алып кеткен.

Ал эми Кыргызстанда жаан көп жаап Жалал-Абад, Баткен облусунда сел жүргөн. Ошондой эле кечинде Чүй облусунун, Москва районунда Александровка айылында көчөлөрдү суу каптаган.