14-май күнү саат 22:16да Өзбекистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында 3 балл, Чаткал районунун Сумсар айылында 4 балл, Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында 3 балл, Аксы районунун Кербен шаарында жана Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.