Москвада иммунитети коронавирусту көтөрө аларын же албастыгын текшерүү эл арасында массалык түрдө акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынын сайтында жазылган.

Мэр акыркы бир нече айдын ичинде шаарда коронавирусту текшерүү программасы болуп көрбөгөндөй иш алып барып жатканын белгилеген. Күн сайын ондогон лабораториялар 40 миңден ашык ПЦР-тесттердин жыйынтыгын чыгарып жатышат.

Анын айтымында, мындан ары «тестирлөөчү машина» күч алат. Жаңы эрежелерге ылайык, ишке кирген ишканалардын жетекчилери жума сайын кызматкерлерден тест жүргүзүшү керек. Вирустук пневмонияны аныктоо үчүн жети амбулатордук борбор бар. Буга чейин аларда коронавирусту аныктоо үчүн 100 миңден изилдөө жүргүзүлгөн.