14-май күнү саат 19:15 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун бир катар аймагын бушайманга салды. Алсак:

 Ак-Суу айыл аймагы.Жаркыштак, Жеңиш, Алга айылдарында арыктан суу ашып 5,5 га эгилген шалыны суу каптап, 1 чакырым ички чарбалык унаа жолду кум шагылга толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Маргун айыл аймагы. Маргун айылында 2 чакырым ички чарбалык унаа жолдун жана 1 чакырым ички чарбалык арыктардын кээ бир жерлерин кум шагылга толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Исфана-Көк-Таш унаа жолунун 12-27 чакырым аралыгынын кээ бир жерлерин жана Исфана-Ак-Суу унаа жолунун 8-27 чакырым аралыгынын кээ бир жерлерин сел суулары бузуп кеткен.

Жерине Жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, №13 ЖТИден 4 жүктөгүч тартылып, техникалардын жардамында калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жумуштар улантылат.