Коом
Уясын коргоп алп пилди кетенчиктеткен турнанын видеосу
Африкадагы саваннада пилдер жайылып жүрүп капыстан турнанын уясына жакындап барып калган. Канаттуу кадимкидей айбат көрсөтүп, аларды артка жылдырган. «National Geographic Россия» сайтынын маалыматына караганда, турна жумурткаларын жан далбастап коргогон.
Видео Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында тартылган.
Канаттуу алгач чоң пилге каршылык көрсөтүп, артка жылдырган. Андан кийин кезек кичинекей пилге келип, анын маңдайына барып алып, канаттарын эки жакка кетенчиктеткен. Бирок муну көргөн эне пил узун тумшугу менен каршылык көрсөткөнү турнаны чочуткан эмес.
Булак: Спутник сайты