Бул вирус азырынча табышмагы жандырыла элек инфекция болуп жатат. Түшүнүктүүсү, бул грипптин бир түрү экен. Дүйнө өлкөлөрүн дээрлик каптады. Кандай гана коргонбо, эртеби кечпи бардык өлкөлөргө жетти.
Чек аралар тоскоол боло албайт экен. Демек, бул учурда жеке жарандардын жоопкерчилиги, позициясы биринчи орунга чыгышы керек. Булар эң жөнөкөй жана аткара ала турган эле талаптар. Социалдык дистанция, маска, кол кап, дезинфекция, жеке адамдардын гигиенасы, коомдук жайларды дезинфикациялоо, массалык түрдө чогулбоо.


Анан албетте, оору белгилери бар адамдар врачка дароо көрүнүүлөрү керек. Бул бир аз кыйындай биздин өлкөдө. Жеке жарандар башкаларга жек көрүндү болуп калбайын деп оору белгилерин көбүнчө жашырып коюп жатышкандай.


Мына жакында дээрлик эки ай болот өлкөдө карантин жарыя болгонуна. Оору токтоп калышы керек эле. Инкубациялык мөөнөтү орточо 15 күн деп айтылып жатат. Төрт мындай мөөнөт өтүп кетти. Бирок күн алыс оорулар катталып жатат. Бул эми жаз мезгилинде, сезондуу гриппке окшогон оорулар табигий түрдө токтой турган мезгилде. Башка учурларда кандай болот эч ким билбейт. Айла жок, бир гана нерсени карманышыбыз керек экен. Ал санитардык талаптар.


Лентада башка өлкөлөрдү мисал тарткан посттор көп. Беларусь, Таджикстан, Өзбекстан. Ар бир өлкө бул ооруга өз позициясы менен чыкты. Аларды эмне кылабыз. Карантин эрежелери негизинен бардык өлкөлөрдө бир сценарий, же протокол менен кетти. Бул жерде биздин бийликти мактап да, өтө эле жамандап да кереги жок. Башка нерсе, бийлик карантинди кечигип киргизди жана анын мөөнөтүн өтө эле узартып жиберди.


Бул инфекция боюнча эң чоң катаны өкмөт башка жактан кетирди. Өкмөт эми жалпы жонунан айтып жатабыз, алардын тиешелүү структуралары, кызматтары.

Биринчиси, бул врачтарга так инструкция берилбегени. Ушул мезгилге чейин врачтар дагы эле ооруга чалдыгып жатат. Врачтарга жугуп жатса, катардагы өлкө жарандарынан эмне күтсө болот.

Экинчиси, бул ооруга каршы өтө чоң каражаттар карызга да, жардамга да алынды чет өлкөдөн. Бир да оорукана салынган жок. Каражаттар биздин өлкөнүн масштабы үчүн өтө эле чоң келди. Жок дегенде, шаардын четине, аэропорт жакка, бир же бир нече оорукана же обсервация үчүн имараттарды куруш керек эле. А өкмөт эмне кылды. Келген акчаларды айлыкка, гумжардамга, анан бюджеттин таңсыктыгына уруп жиберди. Алар келбей калса эмне болот эле. Бюджетке арналбаган жардамдар өз максатына жумшалыш керек эле.


Бул кадамдардын жасалбаганы, кесепети эми чыгат. Бир эле мисалы, РФдан келген 500 адамды, алардан 60 ка чукул адамдан вирус табылды. Шаар ортосуна обсервацияга алышты, качканга аракет кылгандар болду деп жатышат. Андан кийин да келип жатышат чет өлкөдөн. 17- майда РФдан дагы бир чоң топ келгени пландаштырылып жатат. Бул эми башталышы. Чек аралар ачылса мигранттар бир топ келгидей. Алардын баарын кайда обсервацияга алабыз.


Карантин мөөнөтүн дагы да узартыш керек дегендер дагы эле көп. Бул болбойт. Себеби, бул оору бирден экиден чыга бергидей. Вакцина табылышын же табигий түрдө жоголуп кетишин гана күтүш керек окшойт. Бир гана нерсе, жалпы элибиз, санитардык нормаларды так сакташыбыз керек.

Макала Сейдалы Мырзахматовдун фейсбуктагы баракчасынан алынды.