Интернетте россиялык блоггер Антон Лядовдун Россиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттарынын жана кыргыз үй-бүлөлөрүнүн жашоосу чагылдырылган «Мигранттардын жабык райондорунда болуп жаткан окуялар / Ачарчылык жана алгачкы талап-тоноолор» аттуу видеоматерилы (https://www.youtube.com/watch?v=Fv2arQiw3Hs&feature=youtu.be) жарыяланган.

Кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов уюлдук телефон аркылуу аталган сюжеттин башкы каарманы- «Миграцияны өнүктүрүү» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Гулзина Маматахунова менен байланышып, ага жана фонддун кызматкерлерине COVID-19 короновирус пандемия учурунда турмуштун татаал кырдаалына туш болгон кыргызстандыктарга күн сайын көрсөтүп жаткан  көмөктөрүнө ыраазчылыгын билдирип, алардын адамкерчилик, ак ниет сапаттарына жана талыкпай эмгектенгендерине баа берди.

 
Гүлзина Маматахунова менен маектешүүдөн белгилүү болгондой, анын фонду 10 жаштагы Асия аттуу шал оорусунун татаал формасы менен жабыркаган кыздын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү үчүн демөөрчүлөрдү тапкан, кыз өзгөчө камкордукка, дарылоого жана тамактанууга муктаж. «Миграцияны өнүктүрүү» фондунун жетекчисинин айтымында, Асия Кыргызстандагы дарыгерлердин айынан майып болуп калган. Төрөтканада дарыгерлер аны сапатсыз операция кылгандары аз келгенсип,операциядан кийин наристени колунан түшүрүп алышкан.

Гүлзина Маматахунова Акыйкатчыга анын фонду Москвадагы 5 миң кыргызга жардам берип жатканын маалымдады.  «Мен адамдардын ачка калышын каалабайм. Мен өз жеримди жана жердештеримди жакшы көрөм. Бизге жердештеримдин  кайсы улуттан экени маанилүү эмес», -деди ал.

 Акыйкатчы өз кезегинде, фонддун жетекчиси айтып жаткан Асияга даректүү жардам берүү ниетин жана ал тууралу РФ Президентине караштуу Балдар укуктары боюнча өкүлү Анна Кузнецовага көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кайрылганын билдирди. «Ушундай эле кайрылуу каттар Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына да жөнөтүлдү.  «Акыйкатчы аппараты сиздин фондго Акыйкатчынын  ыйгарым укуктарына таандык болгон ар кандай жардамдарды берүүгө даяр», — деп билдирди Токон Мамытов.