Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.

Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.

Биринчи май районунда 235 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилген. Анын 59уна тиешелүү буйрук берилип, 15 миң сомго 11 протокол түзүлгөн;

Ленин районунда болжол менен 60ка жакын уюмга баш багышып, 41ине керектүү буйрук чыгарылган. 15 миң сомго 11 протокол түзүлдү;

Свердлов районунда 116 объект текшерилип, 45 санитардык буйрук чыгарылып, 9 миң сомго 5 протокол түзүлгөн;

Октябрь районунда 58 уюм текшерүүдөн өтүп, азырынча эч кандай протокол түзүлүп, сын-пикирлер айтылган эмес.

Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, 39 миң сомго 27 протокол түзүлдү. Эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча 145 буйрук чыгарылган.