Өлкөдө коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифин учурунда билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандар 55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда. Алар башка оорулар менен дагы жабыркап жүргөн.

Кыргызстанда жалпысынан оорудан 14 адам көз жумду.