COVID-19 инфекциясы менен ооруган адамдар менен байланышта болгондор күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 5 180 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Обсервацияда 1 532 адам жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 248 учур катталды, алардын ичинен 194 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.