Бул жолу өлкөнүн Түндүк Корея  менен чектешкен аймагы илдетке кабылды. Бул туурасында “Коммерсант” басылмасы 15-майда кабарлады.

Жакында эле Ухань шаарында кайра чыккан корноавирус инфекциясынан кийин киргизилген чектөөлөр эми, өлкөнүн түндүгүндөгү Цзилинь провинциясынын  4,5 миллион элдүү Цзилинь калаасына киргизилди. Ушул провинциянын Шулань шаарында 8-12-майда корноавирус жуктурган 22 учур катталып, калаанын бийликтери бул шаарды дагы карантинге жабууга мажубур болушкан.

Цзилинь провинциясына коңшу турган Ляонинь провинциясынын 7,7 миллион эли бар Шэньянь шаарынын бийликтери да, эпидемия жайылып кетүү коркунучуна кабылгандыктан, калааны жабууга аргасыз болушту. Сырттан келе турган, сыртка чыга турган баардык каттамдар токтотулду.

Кытай бийликтери кооронавирустун бул жолку чыгышын Түндүк Корея менен байланыштырып жатышат.

Булак: Abal.kg