Коом

ИИМде кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерилүү иш-чарасы өтүүдө

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары күжүрмөндүк салтын улап, республиканын аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камдыздоодо ар намыстуулук менен татыктуу өз милдеттерин так аткарып келишүүдө.

Мамлекеттин өнүгүүсүндөгү бардык этаптарда ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө баш сабында туруп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоп, коомдук тартипти камсыздап келген. Көптөгөн милиция кызматкерлери кылмыштуулук жана криминалитет менен аёсуз күрөшүүдө баатырларча курман болушуп, кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Ички иштер органдарынын жашоосу менен ден соолугу ар убак коркунучтарга дуушар болуп, тилекке каршы, кээде жоготууларга дуушар болуудабыз. ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругу чыгып, анда 15–май кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди Эскерүү күнү деп жарыяланган. Жыл сайын ушул күнү ИИМдин ар бир бөлүмдөрүндө кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү кечеси өтөт.

Бүгүн, 2020-жылдын 15-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Даңк Мемориалында аты түшүрүлгөн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Бул салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Эмир Солтонгельдиев жана ИИМдин Басма Сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Бакыт Сеитовдор катышты.

Аталган иш-чарада коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын коргоп жатып каармандык менен курман болгон кызматкерлердин жаркын элеси эскерилди. ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев: “Биз бүгүн кызмат учурунда эрдик менен коомдук укук тартиптип камсыздоодо каза болгон кызматкерлердин жаркын элесин эскерүүгө чогулдук. “Даңк” мемориалы — бул кызмат учурунуда көз жумган кызматкерлердин жаркын элестерин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата-Мекенге болгон сүйүүнүн символу, муну эстен чыгарбоо менен эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести өткөрүп берүү биздин милдетибиз” — деп белгиледи. Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов жарандарды коргоодо кызматтык милдетин так аткаруу менен өз өмүрүн курмандыкка чалган кызматкерлердин каармандыгына терең таазим этип: “Бүгүн, кесиптештерибиздин эрдиктерин эске алып, жыл сайын 15-май күнү бардык ички иштер органдарында курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү катары белгиленип, өткөрүүдөбүз.

Ар бир кыргыз милициясынын алдында коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү тапшырмасы турат. Кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп, курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүүдөбүз. Алардын, ысымы биздин өлкөнүн тарыхында калып, кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жанына жазылды. Алар жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту.

Биз аларды эч качан унутпайбыз, — деди Памир Асанов. Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин “Даңк” Мемориалында гүл чамбарлар коюлуп, курман болгон кызматкерлерге арналып куран окутулду. 1918-жылдан баштап 1991-жылга чейин республиканын аймагында кызматтык милдетин аткаруу учурунда 87 кызматкер каза болгон, ал эми 1991-жылдан тартып азыркы учурга чейин 57 кызматкер көз жумган.

Бардыгы 144 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болушкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык түзүмдөрүндө дагы эскерүү-иш чаралары өтүп, мемориалдарга гүлчамбарларды коюшуп, курман болгон кызматкерлердин жакындары менен жолугушуу өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери курман болгон жолдошторун эскеришип, алардын элестеринин алдында таазим этишет. Ата-Мекенибиздин коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн кылмышкерлер менен болгон кармаштарда курман болгон кесиптештер эч качан унутулбайт.

ИИМдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button