Коом

Францияда мектептер иштеп баштады

Францияда 16-марттан бери иштебей калган мектептер кайрадан ачылды. Бул тууралуу Евроньюс кабарлады. Баштапкы класстын окуучулары биринчилерден болуп мектеп парталарына кайтып келишти. Мектептерде олуттуу санитардык коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Баланы мектепке жиберүү же жибербөө чечимин ата-энелердин колунда калат. Окуучуларга биринчи кезекте, аралыкты сактоо, колдуу жууп туруу үйрөтүлөт.

Ал эми ар бир класста окуучунун саны ондон өтпөшү керек. 15-майга карата Францияда 178 миң адамда коронавирус аныкталып, алардын 27 миңден ашыгы көз жумган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button