Белгилүү болгондой, кечээ, 14-май күнү социалдык тармактарга «Александровка айылында сел жүрдү» деген аталышта видео тараган. Видеодо суу көчөнү каптап, үйлөргө агып жатканын көрүүгө болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев видеонун чындыкка дал келбей турганын билдирди. «Кечээ видео тараган замат райондун бөлүм башчысы Жыргал Шадыбеков жана айыл өкмөт башчысы Александровка айылын кыдырып чыгышкан. Ал жакта жаан себелеп жаап жатыптыр. Казакстандын Түркестан облусунда Александровка айылы бар экен. Балким ошол жактан тартылган видео болушу мүмкүн. Негизи учурда Чүй облусунун аймагында дарыялардын деңгээли нормасында. Бардык кооптуу аймактарда алдын алуу иш-чараларын жүргүзгөнбүз», — деп билдирди Эгембердиев.